Жаңы Ош базарынын негизги курулушу аяктады, эми кезек жол инфраструктурасында
видеодон алынган кадр
30 октябрь

Жаңы Ош базарынын негизги курулушу аяктады, эми кезек жол инфраструктурасында

Жаңы Ош базарынын негизги курулушу аяктады, деп кабарлайт Президенттин Иш башкармалыгы. 

Бүгүн президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы базарга барып, аткарылган иштер менен таанышты.

Бүгүнкү күндө базардын негизги курулуш иштери аяктады. Соодагерлер жана кардарлар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, кышында жылуу, жайында салкын болуучу соода жайлары курулду.

Учурда базарга алып баруучу жолдун курулушу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу сырткы иштер уланууда.

Каныбек Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, жаңы Ош базарын 2027-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Базар сырткы инфраструктуралык иштер толук аяктагандан кийин пайдаланууга берилет.