Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясы 12 миң 300 сомго чейин көтөрүлөт
30 октябрь

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин майыптыгы боюнча пенсиясы 12 миң 300 сомго чейин көтөрүлөт

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда мөөнөттүү аскер кызматындагы жоокерлер менен матростордун майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 миң 300 сомго чейин жогорулатуу пландалууда.

Бул чара президенттин 2026-жылдын 21-октябрындагы жарлыгын аткаруу максатында Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан токтом долбоорунда каралган.

Документте жарандардын айрым категориялары үчүн пенсияларды, үстөк акыларды жана компенсациялык төлөмдөрдү жогорулатуу да сунушталууда.

Ага ылайык, III топтогу майыптыгы бар адамдардын пенсиясын 5 миң сомго, I топтогу майыптыгы бар адамдардын пенсиясын 9 миң 500 сомго жеткирүү каралган.

Чернобыль атомдук электр станциясындагы жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объектилердеги аварияларды жоюуга катышкандарга пенсиясына кошумча ай сайын 1 миң сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм берүү сунушталууда.

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге пенсиясына 5 миң сом өлчөмүндө үстөк акы белгилөө каралган. Бул төлөм багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган аялдарга да берилет.

Ошондой эле 2027-жылдан тартып ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү төлөмдөрдүн өлчөмү өзгөрөт.

Багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган балдардын ар бирине ата-энесинин бири каза болгон учурда пенсиянын базалык бөлүгүн 5 миң сомго, ал эми экөө тең каза болгон учурда 8 миң сомго жеткирүү сунушталууда.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, бул чаралар майыптыгы бар адамдарды, көп балалуу энелерди, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарды жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарын кошумча колдоого багытталган.

Долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.