Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь
Ак-Босого конушунда 3-ноябрда сегиз саатка суу жок болот
Ак-Босого конушунда 3-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
“Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
