Токаев Мирбек Атабековду II даражадагы «Достык» ордени менен сыйлады
Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь

Токаев Мирбек Атабековду II даражадагы «Достык» ордени менен сыйлады

Кыргызстандын эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевлин жарлыгы менен II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

"Бул жогорку сыйлык мен үчүн чоң сыймык гана эмес, мындан ары да чыгармачылык жолумда жаңы дем, чоң жоопкерчилик. Көрсөткөн урмат-сыйы жана жогорку баасы үчүн Казакстан Республикасынын президентине жана боордош казак элине терең ыраазычылыгымды билдирем!
Кыргыз менен казактын достугу түбөлүктүү болсун! Эки элдин ортосундагы биримдикти жана маданий байланышты бекемдөөгө мындан ары да өз салымымды кошо берем", - деп жазган ырчы.