Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь
Ырчы Мирбек Атабековго Эл артисти наамы берилди
Кыргызстандын эстрада ырчысы Мирбек Атабековго “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эске сала кетсек, 2026-жылдын 29-октябрында Мирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы “Достык” ордени менен сыйланган.
Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас облусунун Талас районунун Жон-Арык айылында туулган. Ал чыгармачылык жолун 2004-жылы баштаган.
