Кыргыз театрына 100 жыл. Бишкекте 2-ноябрда чоң программадагы шоу-концерт өтөт
30 октябрь

Кыргыз театрына 100 жыл. Бишкекте 2-ноябрда чоң программадагы шоу-концерт өтөт

2026-жылдын 2-ноябрында Турдакун Усубалиев атындагы Бишкек шаарынын эски аянтында кыргыз профессионал театрынын 100 жылдык мааракесине арналган чоң программадагы шоу-концерт өтөт. Башталышы  саат 17:00дө. 

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, майрамдык иш-чара театрлаштырылган көрүнүш менен башталып, андан соң кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа менен уланат.

Шоу-концертке Асылбек Өзүбеков, Бек Борбиев, Курал Чокоев, Жийдеш Идирисова, Жанар Туратова, Малика Дина, Бегиш, Миран Жанарбаев, Эра, Эламан Каныбеков, Насип Мырза жана «Мета» тобу катышат.

Кыргыз профессионал театрынын кылымдык мааракесине арналган майрамдык кечеге Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары чакырылат.

Кирүү акысыз.