Оштогу Алиев көчөсүндө жол оңдоо иштери уланууда
видеодон алынган кадр
30 октябрь

Оштогу Алиев көчөсүндө жол оңдоо иштери уланууда

Ош шаарында Э. Алиев көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Мамыров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө учурда жол оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев аталган көчөгө барып, жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Жумуштардын алкагында жер астындагы суу түтүктөрү толугу менен тартылып, казылган жерлерди кайра толтуруу жана жолду тегиздөө иштери аткарылууда. Ошондой эле көчөнүн айрым бөлүктөрүнө ирригациялык лотоктор орнотулду.

Мындан тышкары, жолдун жүрүүчү бөлүгүнө чыгып кеткен жеңил конструкциядагы курулуштар алынып, жолду талапка ылайык иретке келтирүү иштери улантылууда.