Бишкекте кайтып келген мигранттарды колдоо маселелери талкууланды
Эмгек министрлиги
30 октябрь

Бишкекте кайтып келген мигранттарды колдоо маселелери талкууланды

2026-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча бюросунун гранттарды башкаруу боюнча адиси Адам Тибо менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026–2030-жылдарга карата кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын жана Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) тарабынан ишке ашырылып жаткан Борбордук Азиядагы миграция жана ишкердик программасын (CAMEP) ишке ашыруунун алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Борбордук Азиядагы миграция жана ишкердик программасы (CAMEP) ишкердик чөйрөнү жакшыртуу аркылуу мигрант-ишкерлердин экономикалык реинтеграциясына көмөк көрсөтүүгө багытталган.