Сүрөт ачык булактардан алынды
30 октябрь
Касымалиев: акыркы жылдары жол тармагын каржылоого 60 млрд сомдой каражат бөлүнгөн
Кыргызстанда акыркы жылдары жол тармагын каржылоого 60 млрд сомдой каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-октябрда автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.
Анын айтымына караганда, мурда жол тармагына жылына болжол менен 2 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келген.
"Акыркы беш жылда өтө көп чоң жолдор салынды. Өлкөнүн бардык аймагын кошкондо маселен асфальт төшөө иштеринде, 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталса, быйыл 1 700 чакырымдан ашат", - деди ал.
