Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды
Бишкек мэриясы
30 октябрь

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы кол койгон.

Документте белгиленгендей, сыйлык Айбек Жунушалиевге Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Ошондой эле анын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери белгиленген.

Бул жарлык менен Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана башка кызмат адамдары да мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.