Ош аэропортунан курамында никотин бар тыюу салынган продукциянын партиясы аныкталды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты.
Аэропорттун текшерүү зонасында текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда жалпы алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотин бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс) 2 миң 497 даана продукция табылып, тартып алынган.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, өлкө аймагында чегилбей турган тамеки заттарын жана курамында никотин бар чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жана жүгүртүүгө, анын ичинде сактоого, дүң жана чекене сатууга, ошондой эле өлкөдөн алып чыгууга тыюу салынган.
