Ош шаарында 650 миң сом пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды
Ош шаарында 650 миң сом пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды, деп кабарлайт КР ИИМдин басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) белгилери боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында баңги кылмышына тиешеси бар деп шектелген 1983-жылы туулган А.Д. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү максатында милиция кызматкерлерине 8 000 АКШ долларын пара катары берүүнү сунуштаган.
Ошол эле күнү Ош шаарында жайгашкан милициянын имаратында шектүү жаран кызматкерлерге 650 000 (алты жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган.
Кармалган жаран ИИМдин Ички иликтөө кызматынын, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Ош ШИИБнин Тергөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында кармалган.
Учурда аталган факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коррупциялык көрүнүштөргө жана кызмат адамдарына мыйзамсыз таасир көрсөтүү аракеттерине карата мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүүнү улантат.
