Бишкектин бюджети 8,3 млрд сомго көбөйтүлүп, 41,1 млрд сомду түзүшү күтүлүүдө
Бишкектин 2027-жылга карата бюджетин кирешелер жана чыгашалар боюнча 41 млрд 145,5 млн сом өлчөмүндө бекитүү сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңеши менен макулдашууга даярдалды.
2026-жылга бекитилген бюджетке салыштырмалуу шаардын казынасынын көлөмү 8 млрд 271,8 млн сомго же 25,2%га көбөйөт.
Кирешелердин негизги бөлүгүн салыктардан түшкөн каражаттар түзөт – 31 млрд 111 млн сом. Салыктан тышкаркы кирешелер 3 млрд 116,7 млн сом деңгээлинде болжолдонууда.
Мындан тышкары, Бишкек республикалык бюджеттен 6 млрд 914 млн сом өлчөмүндө максаттуу трансферт алат. Бул каражаттар борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жумшалат.
Ал эми 2028-жылга шаардын кирешелери менен чыгашалары алдын ала 39,5 млрд сом, 2029-жылга 44,5 млрд сом деңгээлинде пландалууда.
