Анжеликанын мурдагы күйөөсү үй камагын бузгандыгы үчүн кайрадан кармалды
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, мурда үй камагына чыгарылган ишкер Урмат Бекболиев кайрадан милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
Социалдык тармактарда тараган маалыматка ылайык, 1-июнда тергөө кызматы Сухэ-Батор көчөсүндөгү дарек боюнча үй камагынын шарттары бузулушу мүмкүн деген жагдайды каттаган. Андан соң Бекболиевди Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери кармап, териштирүү жүргүзүү үчүн шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Учурда кармоонун жагдайлары боюнча укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.
Эске сала кетсек, 13-майда Бишкек шаардык соту ишкерге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, аны тергөө абагынан үй камагына чыгарган. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча шектүү катары өтүүдө.
Урмат Бекболиев ырчы Анжелика Кайратованын мурдагы жолдошу катары да белгилүү. Жубайлар 2018-жылы ажырашып, үч баланы тарбиялап келишет.
Бекболиевге байланыштуу иш коомчулукта кеңири талкуу жаратып келет. Учурда тергөөнүн жүрүшү жана үй камагынын шарттарын бузганы тууралуу маалыматтар расмий түрдө ачыктала элек.
