Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө жылуулук убактылуу өчүрүлөт
4 декабрь

Бишкектеги Малдыбаев көчөсүндө жылуулук убактылуу өчүрүлөт

“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы  оңдоо иштерин жүргүзгөндүгүнө байланыштуу, бүгүн, 4-декабрда Малдыбаев көчөсүндө саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук убактылуу өчүрүлөт.

Мэриядан билдиришкендей, өчүрүүлөр боло турган даректер:

  • Малдыбаев көчөсү, 34Б (КГУСТА, жатакана №1 жана №2);
  • «Жаштык» бассейни, Малдыбаев көчөсү, 1;
  • Малдыбаев көчөсү, 15, 21, 23, 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Мэриядан кошумчалашкандай, жылуулукту берүү жана оңдоо иштерин саат 18:00гө чейин бүткөрүү пландалууда.