Ички иштер министрлиги өспүрүмдөргө ретро унааларды жана криминалистикалык кызматты көрсөттү
4 декабрь

Ички иштер министрлиги өспүрүмдөргө ретро унааларды жана криминалистикалык кызматты көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде колледждин студенттери үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү. Иш-чара "Зордук-зомбулуксуз 16 күн" жалпы республикалык акциясынын алкагында өткөрүлүп, 200дөн ашык өспүрүмдү чогултуп, аларга укук коргоо органдарынын иши менен жакындан таанышууга, ошондой эле азыркы коомдогу зомбулукка каршы күрөштүн мааниси жөнүндө билүүгө сейрек мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Уюштуруучулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мыйзамды урматтоого, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесибине кызыгуусун арттырууга багытталган мазмундуу жана тарбиялык программа даярдашкан.

Өспүрүмдөр үчүн көргөзмө уюштурулуп, анда мурда милиция колдонгон ретро унаалар жана ыкчам иште активдүү колдонулган заманбап унаалар көрсөтүлдү. Коноктор бул унааларды көрүп гана тим болбостон, алардын тарыхы, иштөө өзгөчөлүктөрү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда транспорт каражаттарын колдонуунун маанилүүлүгү жөнүндө да билишти.

ИИМдин Ыкчам чара көрүү Центр оперативного реагирования борборуна экскурсия катышуучулар үчүн өзгөчө кызыктуу болду. Бул жерде өспүрүмдөргө бөлүмдүн негизги милдеттерин: ыкчам нөөмөт кызматкерлери жарандардын чакыруусун кантип кабыл алып, иштеп чыгышат, милициянын отряддарынын ишин координациялоо жана күнү-түнү тартипти сактоо боюнча айтып беришти.

Иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү Ички иштер министрлигинин криминалистикалык кызматы болду. Өспүрүмдөр соттук-изилдөө үчүн колдонулган жабдууларды жана методикаларды көрө алышты, ошондой эле далилдерди чогултуу жана талдоо процесси менен жакындан таанышышты. Кызматтын кызматкерлери кылмыштын бетин ачууда тактыктын жана илимий мамиленин маанилүүлүгүн түшүндүрүштү.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү Ички иштер министрлигинин жыйындар залында өттү.

Чогулгандардын алдында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаштарга милициянын милдеттерин жакшыраак түшүнүүгө, укук коргоо органдарына болгон ишенимди бекемдөөгө жана бул жаатта кесип тандоого дем берген мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Ар бирибиз зомбулуктун курмандыгы болбостон, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоп, коопсуз жана адилеттүү коомду курууга өз салымыбызды кошушубуз керек. Биргелешкен аракеттер менен гана биз зомбулуктун алдын алууда олуттуу ийгиликтерге жетише алабыз", - деди ал.