Жээнбек Кулубаев ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолукту
18 март

Жээнбек Кулубаев ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 18-мартта Кыргызстанга расмий сапар менен келген Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Нурлан Ермекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Кулубаев Ермекбаевди жооптуу кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Ж.Кулубаев уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнүн бардык багыттары боюнча көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маанилүү экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында алдыга жылдыруу үчүн негизги артыкчылыктарын жана демилгелерин айтты.

Өз кезегинде ШКУнун башкы катчысы Н.Ермекбаев кыргыз тарапка меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү процессинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Н.Ермекбаев ШКУнун Катчылыгы коюлган милдеттерди жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Ал учурдагы артыкчылыктар, жакынкы мезгилге карата иш пландары жана ШКУнун алкагындагы Тышкы иштер министрлер кеңеши, Мамлекет башчыларынын кеңеши жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министрлеринин) кеңеши сыяктуу негизги иш-чараларга даярдык көрүү жөнүндө да маалымат берди.

Маалымат катары: ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 2024-жылдын 4-июлундагы чечимине ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып Нурлан Ермекбаев ШКУнун жаңы Башкы катчысы болуп дайындалды.