Кыргызстан чек ара аралык почта жана электрондук сооданы өнүктүрүүдө
18 март

Кыргызстан чек ара аралык почта жана электрондук сооданы өнүктүрүүдө

Кыргызстан чек ара аралык почта жана электрондук сооданы өнүктүрүүдө, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайында Кытай менен эл аралык почта алмашуу пунктун ачууга даярдык аяктап жатат. Ачылышы 2025-жылдын апрель айына, ал эми тутумду тестирлөө мартына пландалууда.

Жаңы пункт почта жана электрондук соода жүктөрүнүн иштетүү убактысын тездетип, эки өлкө ортосундагы логистиканы жакшыртат. «Жашыл коридор» механизминин киргизилиши жеткирүү мөөнөтүн кыйла кыскартып, ишкердик жана соода үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.