Кара-Сууда эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында иш чара өттү
Ош облусунун Кара-Суу районунда эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында «Медициналык дарыгер адамды дарылайт, ветеринардык дарыгер – адамзаты дарылайт» аталышындагы форум өттү.
Иш-чараны Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы Ветеринардык кызматтын Кара-Суу райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте уюштурду.
Иш чарага райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт (мэр) башчылары, айыл башчылар, айылдык ден-соолук комитеттери (АДК), социалдык кызматкерлер, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, ветеринарлар, санитардык-эпидемиологиялык кызматкерлер, жайыт комитеттеринин башчылары, асыл тукум чарбалардын жетекчилери, мал союучу жайлардын ээлери, эт сатуучу дүкөндөрдүн (касапчы) ээлери болуп жалпы 450 адам катышты.
Иш-чаранын максаты – райондун аймагында эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу.
Милдеттери:
- Эхинококкозго каршы күрөшүүнүн улуттук артыкчылыктары жана келечеги
- Эхинококкозго каршы күрөшүүдө илимий жана практикалык чечимдер
- Өлкөдөгү эхинококкоз оорусунун абалы
- Элдин саламаттыгын эхинококкоз оорусунан сактоо жана коргоо
- Эхинококкоз боюнча эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалды жакшыртуу
- Адамдардын жана жаныбарлардын эхинококкоз оорусуна мониторинг жүргүзүү
- Эхинококкоз оорусу тууралуу маалымат (маалыматтык системалар)
- Климаттын өзгөрүү шарттарына ылайык ооруну изилдөө
- Эхинококкоз менен күрөшүү жана алдын алуу чаралары
