Таласта борбордук мечиттин курулушу башталды
Талас шаарындагы борбордук мечиттин курулушу башталды, деп билдирет ммуфтияттын басма сөз кызматы.
Борбордук мечит 4 миң 200 адамга ылайыкталып, заманбап архитектуралык долбоордун негизинде курулат. Мечит бардык талаптарга жооп бере турган шарттар менен камсыздалат. Ибадат кылууга ыңгайлуу кең мейкиндиктен тышкары, өзүнчө имамдын бөлмөсү жана маркумду акыркы сапарга узатуу үчүн атайын жууй турган жана кепиндөө бөлмөлөрү да каралган.
