Динара Кемелова БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРдагы өлкөлүк директору менен жолукту
Кыргыз Республикасынын президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай менен жолугушту.
Анда Эл аралык тоо күн тартибинин алкагында Кыргызстан менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматташуусунун жана тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун, тактап айтканда, тоолуу аймактардын жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, азык-түлүк коопсуздугуна жана инфраструктурага жетүүнү камсыздоо боюнча долбоорлорду илгерилетүү перспективалары талкууланды.
Атайын өкүл Динара Кемелова тоолуу райондордун жашоочулары климаттын өзгөрүшүнө, табигый катаклизмдерге жана татаал географиялык шарттарга байланыштуу туш болгон көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле Кыргызстандын тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча приоритеттерди белгиледи.
Өз кезегинде Кожиро Накай Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, эрте алдын алуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө, атап айтканда мектептерди колдоо, аялдардын жашоо шарттарын жакшыртуу, аялуу үй чарбалары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча учурдагы долбоорлор тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер ошондой эле 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай” аттуу эл аралык конференцияга даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.
