ИИМ: Интернетте кызын уруп, видеого тарткан ата камакка алынды
Интернетте кызын уруп, видеого тарткан ата камакка алынды, депбилдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу ШИИБне, Ноокен районунун 1988-жылы туулган О.К. аттуу жараны арыз менен кайрылган.
Анда 2024-жылдын 14-ноябрында түнкү саат 00:00 чамасында жолдошу 1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран эч бир себепсиз арыздануучуну уруп үйүнөн кууп чыккандыгын. О.К. чоң кызы менен кетип, үйдө бир уулу бир кызы жолдошу К.Т. менен калган учурда 2019-жылы туулган М.Д. аттуу кызын уруп, видеого тартып үйгө кел, келбесен жаман болот деп коркутуп видеого тартып жибергендигин билдирген.
Бул факты боюнча 2024-жылдын 27-ноябрь күнү Майлуу-Суу ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча, Ноокен РИИБне жөнөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Аталган окуя боюнча апасы 1988-жылы туулган О.К. жана 2014-жылы туулган У.М. 2017-жылы туулган М.А. жана 2019-жылы туулган Д.М. аттуу балдарына соттук-медициналык, соттук психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.
1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, учурда камакта.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
