Кыргызстан ИКАОнун аудитинин жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллды алды
4 декабрь

Кыргызстан ИКАОнун аудитинин жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллды алды

Быйыл Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинин жыйынтыгында жарандык авиацияда коопсуздуктун жана сапаттын эл аралык стандарттарына шайкештигин тастыктап, жыйынтыгында 85,7 баллга ээ болду. 2024-жылдын 19-августунан 28-августуна чейинки аралыкта Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү жаатында аудит жүргүздү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, авиациялык коопсуздуктун критикалык элементтерин (КЭ) аткаруу деңгээли 85,76%ды түздү, бул көрсөткүч 81,43% түзгөн 2017-жылдагы жыйынтыкка салыштырмалуу олуттуу жакшырууну билдирет.

Даярдык жана тажрыйба алмашуунун алкагында “Манас” эл аралык аэропорту” ААК менен “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

“МЭК” ААКтын коопсуздук боюнча директору Талгат Жапаров казакстандык кесиптештери менен аудиттин жүрүшүндө топтолгон билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.

"Аудиттин ийгиликтүү аякташы биздин адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана аймактагы авиацияны өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экендигин көрсөтүп турат. Мындай биргелешкен аракеттер Кыргызстандын эл аралык авиациялык аренадагы аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.