Аксыдагы Кызыл-Жар ооруканасынын терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмү оңдолду
Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы Р.Батырбеков атындагы Кызыл-Жар ооруканасынын терапия жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, колдонууга берилди.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, имараттын ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев, жергиликтүү бийлик, дарыгерлер жана айыл тургундары катышты.
Медициналык мекеменин ремонттоо иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 37 млн. сом жумшалган.
Жумуштар 2023-жылдын августунда башталган.
