Тогуз-Торо районунда фермерлерди тейлөө борбору ачылды
Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын имаратында дыйкан-фермелерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Борбордо дыйкандар райондук мекеме-ишканалардын адистеринен толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле үрөндөрдүн сорттору менен көрсөтүлүп маалымат берилет. Борбордун иштөө убактысы саат 08:00-18:00гө чейин.
Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, тейлөө борборлору министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасынын негизинде ар бир райондун борборунда ачылууда.
