Жалал-Абаддын башчысы 36 жылдан бери иштебей турган "Тегене" көмүр кенине барды
18 март

Жалал-Абаддын башчысы 36 жылдан бери иштебей турган "Тегене" көмүр кенине барды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев күн мурун, 17-мартта Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы “Тегене” көмүр кенине барды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, аталган көмүр кендин ишмердүүлүгү 1989-жылдан бери токтоп турган.

Учурда мекеменин жумушун жандантуу боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы кытайлык инвесторлор менен бирге, 7 миллион АКШ доллары өлчөмүндө модернизациялоо иштерин алып барууда.

Долбоорго ылайык, жумуштарды ушул жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган. Алдыда карьерлеринде жаңы технологиялар менен көмүр казып алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Долбоордун алгачкы этабында 250 жумуш орду түзүлөт.

Облус башчысы Тилек Текебаев керектүү коопсуздук эрежелердин сакталышы, экологиялык талаптарды так аткаруу тапшырмасын берди. Ага катар кызматкерлерди жоопкерчиликтүү иш аткарууга чакырды.