Кыргызстанда быйыл ирригация объекттерин калыбына келтирүүгө 4,8 млрд сом бөлүнгөн
18 март

Кыргызстанда быйыл ирригация объекттерин калыбына келтирүүгө 4,8 млрд сом бөлүнгөн

Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 18-мартка карата 179,4 чакырым чарба аралык каналдарды тазалоо иштери аткарылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ушул жылга карата ирригация объекттерин калыбына келтирүү жана оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен 4,8 млрд сом, таза суу объекттерин курууга 2,0 млрд. сом каржылоо пландалууда. 

Бул каражатка 500,0 км каналдарды оӊдоо жана тазалоо, 500,0 миң кв. м. каналдарга бетон полотносун төшөө, 755 гидротехникалык курулмаларды, 200 суу өлчөөчү постторду, 91 насостук станцияларды, 156 насостук агрегаттарды оңдоо жана калыбына келтирүү, 40 насостук агрегатты жаңылоо, 272,0 км коллектордук-дренаждык системаны тазалоо пландалды. 

2025-жылга карата 1 млн 22 миң га сугат айдоо жерлерин орточо 4-5 жолу сугаруу үчүн 6,8 млрд куб метр суу берүү пландалды. Ошондой эле 20,0 миң га аянтка тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасы орнотулат.