ИИМ жарандарды мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырат
7 июнь

ИИМ жарандарды мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырат

Өлкөнүн бардык аймактарында милиция кылмыштардын алдын алуу жана жарандарга курал-жаракты мыйзамсыз сактагандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертүүгө багытталган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Ички иштер министрлиги эскеретет: трамвалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул, түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган (КР Кылмыш - жаза кодексинин 267-беренеси).

Билүү маанилүү: ушул беренеде көрсөтүлгөн буюмдарды ыктыярдуу тапшырган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

Мындан тышкары мындай ок-дарыны, куралды же жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандыгы үчүн 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин сый акы каралган.