"Араван райондук автобекети" мамлекеттин балансына кайтарылды
18 март

"Араван райондук автобекети" мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК  Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,33 га болгон борбордук "Араван автовокзалын" мамлекеттин балансына кайтарды.

Атайын кызматтан кабарлашкандай, 2000-жылдары автобекеттин аймагы 29 жеке ишкерге мыйзамсыз берилгени аныкталган, алар КР "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамын бузуу менен жер-жерлерде соода жайларын уюштуруп, стратегиялык объектини толук реконструкциялашкан.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен объектини КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти.