Сокулук районундагы Чаткүл-Төрткүл-Үчхоз унаа жолуна асфальт төшөлдү
30 июнь

Сокулук районундагы Чаткүл-Төрткүл-Үчхоз унаа жолуна асфальт төшөлдү

Сокулук районундагы Чаткүл-Төрткүл-Үчхоз унаа жолунда асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлайт. 

Жумуштар № 39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы узундугу 18 чакырымды түзгөн жолдун 2-3-чакырымдар жана 7-8-чакырымдар аралыгына асфальт төшөө каралган.

Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол оңдоо жумуштары бардык нормаларга ылайык аткарылды.