Оштогу “Достук” чек ара бекетинин айланасы иреттелип, толук өзгөртүлдү
19 июнь

Оштогу “Достук” чек ара бекетинин айланасы иреттелип, толук өзгөртүлдү

“Достук” чек ара бекетинин айланасы иреттелип, толук өзгөртүлүп, жасалды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ыллайык, 18-июнда Касымбеков көчөсүндөгү айлампадан тарта “Достук” чек ара бекетине чейинки аралыктагы жаңыланган көчөнүн ачылышы болду.

Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, укук коргоо органдарынын башчылары, шаар тургундары, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Алгач кызыл тасмасы кесилип, келген коноктор жаңыдан салынган тротуар менен басышып, вело жол, жашылдандыруу, түнкү жарыктандыруу, имараттардын сырткы көрүнүшүн бирдей абалга келтирүү иштерин көрүп чыгышты. Андан ары Достук айлампасына барып, ал жердеги көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана айланасын мрамор таш менен жасалгалоо иштери менен да таанышты.