Талас мэриясы
27 апрель
Аянты 1,5 гектар. Талас шаарында жаңы борбордук сейил бак курулууда
Талас шаарында жаңы борбордук сейил багынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Талас мэриясынан кабарлашты.
Долбоордун алкагында эс алуу аймактары, аттракциондор жана заманбап инфратүзүмдөр курулуп жатат. Учурда иштердин басымдуу бөлүгү аяктап, тышкы жарыктандыруу орнотулууда.
Башкы планга ылайык, сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Анда 8 аттракцион, заманбап оргума, жашыл эс алуу аймактары, унаа токтотуучу жай жана көрктөндүрүү иштери каралган.
Учурда курулуш иштери 80 пайызга бүткөрүлүп, тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Жаңы сейил багы ишке берилгенден кийин шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланып, шаардын көркүнө көрк кошот.
