«Өкмөткө эмес, сиздин сунушуңузду колдогон депутаттарга рахмат!», – деген депутат Мурадил Сыдыков Кыргызстанда мыйзамдарды кимдер кабыл алаарын эске салды
Бүгүн, 2025-жылдын 11-февралында Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети «Кыргыз Республикасынын эреже бузуулар жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” Мыйзам долбоорун карады. Комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков жана мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешев кызыктуу талкуу жүргүзүштү.
“Мамкурулуш өзүнө өзү жасап жатат. Мен түшүнбөй калдым. Мыйзам долбоорун иштеп чыктык деп айтышууда, буга чейинки айыппулдар жетиштүү болбой калганбы?», – деди Мурадил Сыдыков.
«Сиздер байкагандай, бул мыйзам долбоорун биз иштеп чыккан жокпуз. Мурда ал кабыл алынган, а азыр Дастан Далбаевич аны кайрадан кароого чыгарып жатат, бирок чечимди сиз кабыл аласыз», – деп жооп берди Талантбек Иманакун уулу.
«Ошондо, аны кайрадан карап жана кабыл алалы деп чечтикпи?», – деп тактады Мурадил Сыдыков.
«Жок, сиз өзүңүз мага мыйзам долбоорунда «түрмө» болбосун, анан жер титирөөгө байланышкан норма эбактан бери бар деп айтпадыңыз беле. Сиздин сунушуңузду эске алуу менен мен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга тийиштүү норманы кароого алып чыктым», – деп Дастан Бекешев түшүндүрдү.
«Өткөн жылы сиз бардыгына курулуш компаниялары күнөөлүү жана алардын баарын түрмөгө камаш керек деген мыйзам долбоорун сунуштагансыз», – деп эске салды Мурадил Сыдыков.
«Бирок ал пункту алып салбадыкпы», – деп жооп кайтарды Дастан Бекешев.
«Мен жөн гана сурап жатам, бул мыйзам бизге эмнеге керек», – деп сөзүн улантты Мурадил Сыдыков.
«Көрдүңүзбү, биз кароого кандай норманы алып чыкпайлы, сиз мунун бизге кандай кереги бар дейсиз. Мындай болбойт да», – деп нааразыланды Дастан Бекешев.
«Жок, бул норма үч беренеде турбайбы, андан сырткары лицензия алуучулар үчүн талаптарда да бар», – деди Мурадил Сыдыков.
«Лицензия алуучулар үчүн талаптар менин сунушум менен кабыл алынган. Бул үчүн өкмөткө рахмат, президентке чоң рахмат», – деп Дастан Бекешев ыраазычылыгын билдирди.
«Өкмөткө эмес, депутаттарга рахмат айтуу керек. Сиздин сунушунуңузду так ушул депутаттар колдогон», – деп баса белгиледи Мурадил Сыдыков.
«Ооба, туура айтасыз, депутаттарга рахмат, сизге да чоң рахмат», – деп жооп берди Дастан Бекешев.
Кошумчалай кетсек, «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөр киргизүү боюнча» мыйзам долбооруна биринчи окууда ЖК депутаттары бир катар сунуштарды жолдошту. Ал сунуштар эске алындыбы же жокпу, мыйзам долбоорун экинчи окууда белгилүү болот.
