Ош шаарында балдарды коргоого арналган форум өттү
Ош мэриясы
13 июнь

Ош шаарында балдарды коргоого арналган форум өттү

Ош шаарында балдардын укуктарын коргоо жана аларга карата зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу, ошондой эле ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү максатында «Балдарды зомбулуктан сактайлы!» аталышындагы форум В. Терешкова атындагы жатак-мектебинде өткөрүлдү.

Форумга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланып, балдардын коопсуздугун камсыздоо, алардын укуктарын коргоо жана зомбулук учурларына ыкчам чара көрүү боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн механизмдери каралды.

Форумдун жыйынтыгында катышуучулар балдарды коргоо жаатындагы кызматташууну мындан ары да бекемдөө, алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ар бир бала үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү боюнча биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгын белгилешти.

«Ар бир баланын коопсуз жана бактылуу балалыгы – коомдун жана мамлекеттин эң башкы милдети» экендиги форумдун негизги чакырыгы болду.