КММАда Евразиянын коомдук саламаттыгына арналган эл аралык форум башталды
19 сентябрь

КММАда Евразиянын коомдук саламаттыгына арналган эл аралык форум башталды

Бүгүн, 18-сентябрда, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун актовый залында «Евразиянын коомдук саламаттыгындагы интеграциялык потенциал: стратегиялар, туруктуу өнүгүү тенденциялары, санариптештирүү, инновациялар жана перспективалар» аттуу Эл аралык форум өз ишин баштады.

Эртең менен эле чоң залда жандуу атмосфера түзүлдү: каттоо жүрүп, катышуучулар таанышып, алгачкы пикир алмашуулар болду. Форумга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Жогорку Кеңештин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлигинин, ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин өкүлдөрү, ошондой эле Евразиянын алдыңкы окумуштуулары менен адистери чогулушту.

Расмий бөлүгүн Президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, парламент жана эл аралык уюмдардын делегаттарынын саламдашуу сөздөрү ачып берди.

Пленардык жыйындар: интеграциядан вакцинопрофилактикага чейин

Биринчи пленардык жыйынга КММАнын ректору, профессор Индира Орозбаевна Кудайбергенова жетекчилик кылды. Бул бөлүктө Евразия өлкөлөрүнүн коомдук саламаттыкты сактоодогу интеграциялык мүмкүнчүлүктөрү (РАН академиги О.Т. Касымов), эмдөөнүн иммундук механизмдери (РАН академиги О.А. Свитич), вакцинанын жардамы менен башкарылуучу инфекциялар боюнча иммунологиялык көзөмөл (РАН академиги А.А. Тотолян) сыяктуу темалар көтөрүлдү.

Кыргызстан тараптан Саламаттык сактоо министрлигинин Иммунопрофилактика боюнча республикалык борборунун директору Г.С. Ишенапысова сөз алып, кеңейтилген эмдөө программасынын жыйынтыктары менен бөлүштү. Профессор Айнура Кутманованын кош бойлуулардагы кызамык жана ВГВ инфекциясынын татаалдашуусун азайтуу боюнча доклады чоң кызыгуу жаратты. Ошондой эле Ташкенттик окумуштуулар ВИЧ инфекциясы менен жашаган бейтаптардын мутациялык профили боюнча изилдөөлөрүн сунушташты.

Докладдардан кийин катышуучулар кызуу талкууга өтүп, суроолорду берип, вакцинация жана иммунопрофилактиканын келечеги тууралуу өз ойлорун билдиришти.