Министрлик «Реестр фермеров» долбоорунун маалыматтык системалары иштеп чыкты
14 октябрь

Министрлик «Реестр фермеров» долбоорунун маалыматтык системалары иштеп чыкты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги айыл чарба тармагын санариптештирүү багытындагы иштерин улантууда. Министрликке караштуу «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан «Паспорт РУАР» (Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы), «Реестр фермеров» жана «30+20+10» долбоорлорунун маалыматтык системалары иштелип чыкты. 

Бул системалар айыл чарба тармагындагы башкаруу процессин натыйжалуу жүргүзүүгө жана ачык-айкындыкты камсыздоого багытталган. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу алкагында Министрликтин жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын кызматкерлерине онлайн форматта окутуу өткөрүлүп жатат.

Бул демилгелер айыл чарбадагы иш процессин жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана фермерлер менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылууда.