Кызыл-Кыяда жашы жетпеген кызды тоногонго шектелип 22 жаштагы жигит кармалды
19 сентябрь

Кызыл-Кыяда жашы жетпеген кызды тоногонго шектелип 22 жаштагы жигит кармалды

Кызыл-Кыя шаарынын Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 17 жаштагы кызга карата күч колдонулуп, анын колундагы “Redmi 10A” жана “iPhone 11 Pro” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун “С” аттуу жаран тарабынан тартып алынгандыгы боюнча кыздын апасы милицияга кабар берген.

Бул факт Кызыл-Кыя ШИИБде КР КЖКнин 206-беренеси (Тоноочулук) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Тоолос айыл аймагында жашаган 22 жаштагы Т.С. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.