видеодон алынган кадр
17 июль
Мээ кайнаткан ысыктан качкан бишкектиктер Ысык-Көлгө жапырт жөнөп жатышат
Бишкектеги 40 градустук ысыктан улам шаар тургундары эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жапырт жөнөп жатышат.
Борбор калаадагы автобекеттерде жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйдү. Автобустар менен кичи автобустар бардык каалоочуларды ташууга жетишпей, перрондордо кезек пайда болууда.
Күбөлөрдүн айтымында, адамдар келип жаткан унааларга биринчи болуп кирип, бош орундарды ээлеп, ысык шаардан чыгып кетүүгө аракет кылышууда.
Айрыкча Ысык-Көл облусунун курорттук шаарлары менен айылдарына каттаган каттамдарга суроо-талап жогору болууда. Жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн улам жолго чыгуу үчүн адаттагыдан көбүрөөк күтүүгө туура келүүдө.
