Жалал-Абад облустук ооруканасынын короосундагы эски имараттар буздурулууда
10 апрель

Жалал-Абад облустук ооруканасынын короосундагы эски имараттар буздурулууда

Жалал-Абад облустук ооруканасынын короосундагы эски имараттар буздурула баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысы Тилек Текебаев облустук клиникалык ооруканасына барып, эскилиги жеткен имараттарды бузуу жумуштары менен таанышты.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ооруканасына 7 кабаттуу имарат куруу планы коюлган. Ага карата министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эскилиги жеткен имараттарды бузуу, жеке менчик клиникаларды, өз алдынча куруп алган турак-үйлөрдү оорукана аймагынан чыгаруу тапшырмасын койгон.

Облус башчысы Тилек Текебаев жергиликтүү бийлик жана оорукана жетекчилигине тийиштүү жумуштарды өз убагында жүргүзүү, коопсуздукту камсыздоо, жаңы имарат жана анын айланасын туура архитектуралык пландаштыруу зарылдыгын эскертти.