Кыргызстанда бир жумада 331 мас айдоочу кармалды
Кыргызстандын аймагында 23-июндан 29-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 374 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 779;
- Мас абалында унаа каражатын башкаруу - 331;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 157;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 672;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 749;
- Автоээнбаштык - 18;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 495;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 9;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 468;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 696 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
