Нарын облусунда таза суу менен камсыздоо деңгээли 85%га жетти
Нарын облусунда ичүүчү суу менен камсыздоо тармагында кеңири масштабдагы иштер жүрүүдө, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда облус боюнча таза суу менен камсыз болуу деңгээли 84,6% түзөт.
Эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен ишке ашырып жаткан долбоорлор:
Нарын облусунун 43 айылын камтыган таза суу долбоору 2020–2029-жылдарды камтыйт. Жалпы суммасы — 71,7 млн доллар. Учурда:
- 6 айылда курулуш иштери толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди.
- 15 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат.
- 7 айылда тендердик баалоо баскычында.
- 15 айылда долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө (мөөнөтү — 1 жыл).
Долбоордун 2-фазасы боюнча кошумча 15 айылга таза суу жеткирүү пландалууда. Жергиликтүү тазалоочу (ЛОС) системаларын куруу да каралган.
Нарын шаарындагы долбоорлор:
Таза суу жана канализация долбоорунун жалпы суммасы — 12,7 млн евро.
- 1-фазада (6,2 млн евро): 15 км суу, 6 км канализация түтүктөрү жана 8 атайын техника сатып алынган.
- 2-фазада (6,5 млн евро): жаңы саркынды сууну тазалоочу жай, 12 км канализация түтүгү, 2 насостук станция куруу иштери башталды.
Республикалык бюджеттен каржыланып жаткан иштер:
18 айыл долбоорго киргизилип, алардын ичинен:
- 10 айылда долбоорлоо иштери пландаштырылды;
- 8 айылда курулуш иштери пландаштырылды;
Нарын облусунун ичүүчү суу системаларын жакшыртууга жалпысынан 7 млрд 558 млн сом бөлүү каралган.
