Tunduk колдонмосунда жаңы санариптик документ пайда болду
Өзгөчө сандардын комбинациясынан жана тамгалардан куралган мамлекеттик номерлерге болгон сертификат эми санариптик форматта жеткиликтүү.
Документ мурда кагаз түрүндө гана берилсе, эми Tunduk мобилдик колдонмосундагы санариптик документтер бөлүгүндө жеткиликтүү болду. Документ жаранга өзгөчө символдору бар каттоочу номерлерге ээлик кылууга шарт түзөт.
Санариптик версия сертификатты алуу жолун жеңилдетип, кагаз түрүндөгү документти алып жүрүүдөн бошотот, документти ыңгайлуу сакталышын да камсыздайт.
Ал эми мурда берилген кагаз түрүндөгү сертификаттар өз күчүн жоготпойт жана анык бойдон кала берет.
