Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
7 январь

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 7-январда саат 16:37де катталып,  очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жетиген айылында жана Базар-Коргон районунун Көсө-Терек айылында 2 баллга чейин Көсө-Терек айылынан 13 чакырым түндүк чыгышка, Жетиген айылынан 18 чакырым түштүк батышка, Кетме-Төбө айылынан 25 чакырым түштүкө, Токтогул шаарынан 45 чакырым түштүк чыгышка чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.