Нарын – Оруктам жолуна асфальт төшөлөт
Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен Нарын облусундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 4 чакырымына асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Бүгүнкү күндө 3 чакырым аралыкта жолдун негизин даярдоо жумуштары жыйынтыкталып, калган бөлүгүндө жер жумуштары уланууда. Июлда асфальт төшөө иштерин баштап, бүткөрүү мерчемделип жатат.
Жол оңдоо жумуштары унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталып, министрликке караштуу № 24 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
