Душанбеде кош бойлууларга сый-урмат менен мамиле кылуу боюнча регионалдык тренинг өттү
2025-жылдын май айында Тажикстандын борборуна Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген адистер кош бойлуу жана төрөттөн кийинки мезгилдеги аялдарга заманбап медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүп, талкуулашты.
20 катышуучу — дарыгерлер, акушерлер жана медициналык жогорку окуу жайларынын окутуучулары.
Уюштуруучу: GIZ, Борбор Азиядагы эне-баланы коргоо долбоорунун алкагында.
Эксперттер: профессор Питер Кемпбелл жана акушер Нестер Мойо
Тренингдин негизги темалары:
- Аялдардын укуктарына жана каалоолоруна сый-урмат менен мамиле кылуу
- Коопсуз жана колдоочу чөйрө түзүү
- Медициналык сабаттуулукту жогорулатуу
Чолпон Асамбаева, GIZ'дин Кыргызстандагы «Саламаттыкты сактоо» программасынын жетекчиси: "Биздин максатыбыз — эне болуу процессин бактылуу жана коопсуз кылуу. Ар бир аял өзүн ишенимдүү сезиши керек, бул кереметтүү мезгилге даяр болуп, мыкты медициналык колдоого ээ болушу зарыл."
Келечектеги пландар: Ар бир үч өлкөдө каскаддык тренингдер өткөрүлүп, натыйжада, жалпы 240 медициналык кызматкер баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелеринде окутулат. Бул тренинг ар бир аял камкордукка жана сый-урматка татыктуу сезе турган системаны түзүүгө дагы бир кадам болуп саналат.
