Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды 
10 апрель

Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды 

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Белгилей кетсек, кеээ, 9-апрелде 2019-жылы туулган Д.А. аттуу жаш бала дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө жалпы 217 адам тартылган.

«Бүгүн саат 08:30га карата 24 куткаруучу, ИИМден 75 кызматкер, айыл аймактан 13 адам, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 162 адам тартылган. Баланын сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.