Кыргызстан качкындарды колдоо боюнча БУУ КЖКБ менен кызматташтыгын бекемдөөдө
Бүткүл дүйнөлүк качкындардын күнүнүн алкагында Кыргызстанда Качкындардын Глобалдык форумунун алкагындагы милдеттенмелерди аткаруу маселелерине арналган Улуттук тегерек стол өттү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу өз сөзүндө:
“1996-жылдан бери Кыргызстан БУУнун Качкындардын статусу боюнча 1951-жылдагы Конвенциясынын катышуучусу болуп саналат жана бул категориядагы адамдардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап келет. 20 жылдан ашык убакыттан бери биз БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы менен бирге качкындардын укуктарын коргоо системасын түзүүгө олуттуу салым коштук. Качкындар БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын жардамы менен Кыргызстанда жана үчүнчү өлкөлөрдөн жаңы үйлөрдү табышты.
Министрлик качкындарды коргоо формаларын иштеп чыгууну колдоону улантат жана БУУнун КЖКБ менен кызматташууну бекемдейт”.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч. Айдарбеков, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун расмий өкүлдөрү: БУУнун КЖКБнын Борбордук Азиядагы өкүлү Думитру Липкану жана БУУнун КРдагы Туруктуу координатору Антье Граве, БУУ КЖКБнын КРдагы Улуттук кеңсесинин жетекчиси Елена Гусева катышышты.
Тегерек столдун платформасында Качкындар боюнча Глобалдык келишим боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин аткарылышы, ошондой эле аларды улуттук деңгээлде ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды. Катышуучулар кызматташууну бекемдөө жана качкындарды колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тажрыйба жана сунуштар менен алмашышты.
Иш-чарада качкындардын укуктарын жана жыргалчылыгын камсыз кылууда мамлекеттин жана эл аралык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгү баса белгиленди, ошондой эле Кыргызстандын бул жааттагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга берилгендиги ырасталды.
