Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда темир тосмолор орнотулууда
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 44-60-чакырымдар аралыгында темир тосмолор орнотулууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул иштер жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Аны менен катар аталган жолдун жол чийиндерин жаңыртуу иштери да кызуу жүрүп жатат.
Бардык жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 34 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
