Кыргызстан менен Армениянын парламенттери кызматташтыкты өнүктүрөт. Меморандумга кол коюлду
26 май

Кыргызстан менен Армениянын парламенттери кызматташтыкты өнүктүрөт. Меморандумга кол коюлду

ЖК Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян Парламенттер аралык кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюшту. 

ЖКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, анда мыйзам чыгаруу органдарынын өнөктөштүгүн өрчүтүүгө багытталган демилгелер камтылган.

Аземден алкагында Армениянын Улуттук жыйынынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу боюнча парламенттик достук тобунун жетекчиси Алексей Сандыковго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы ыйгарылды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу сыйлыкты тапшырып жатып, кыргыз-армян парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоодо Алексей Сандыковдун салымы чоң экенин баса белгиледи.

Андан соң төрага Ален Симонян Нурланбек Тургунбек уулу баштаган Жогорку Кеңештин делегациясына Армениянын Улуттук Жыйынынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар жана отурумдар өтчү залдарын көрсөтүп чыкты.