Жалал-Абад шаарында эскилиги жеткен энергетикалык жабдуулар жаңыланды
Жалал-Абад шаарынын тургундарын электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылган негизги объектилердин бири – 110/35/6-10 кВ Жалал-Абад көмөк чордону толугу менен модернизацияланды.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жаңылоо иштери 2024-жылга каралган капиталдык курулуш планына ылайык ишке ашырылды.
Модернизациянын жүрүшүндө эскирген жана натыйжалуулугу төмөн жабдуулар заманбап үлгүдөгү жабдыктарга алмаштырылды. Тактап айтканда, 110 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөр жана 12 даана агын трансформатору кыйла коопсуз жана ишенимдүү элегаздык (SF6) жабдууларга алмаштырылды.
35 кВ чыңалуудагы эски май өчүргүчтөр жана агын трансформаторлору заманбап вакуумдук жабдууларга өткөрүлдү.
10 кВ чыңалуудагы эски КРУН-10 кВ толугу менен жаңы, заманбап үлгүдөгү КРУН-10 кВ менен алмаштырылды.
Энергетикалык тутумду жаңылоо ушуну менен эле токтоп калбайт. Шаар калкынын жыл санап өсүп жаткан муктаждыгын канааттандыруу максатында жаңы 110/35/6 кВ «Дача» көмөк чордонун куруу иштери башталды. Учурда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан курулуш үчүн 0,7 ГА жер тилкеси бөлүнүп, аянтты түздөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ишке ашырылган бул иш-чаралар көмөк чордондун иштөө ишенимдүүлүгүн бир кыйла жогорулатып, электр энергиясын бөлүштүрүүдөгү техникалык жоготууларды азайтат жана жалпысынан Жалал-Абад шаарынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун сапатын жакшыртат.
